15:02 30 мая 2017

Канат Садыков КУУнун ректору болуп дайындалды

2017-жылдын 30-майында башкы имараттагы чоң жыйындар залында шайлоодо жеңип чыккан Канат Садыковду КУУнун ректору катары жамаатка тааныштыруу аземи болуп өттү. Анын Улуттук университеттин ректору болуп дайындалышы тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдын 30-майындагы №349-буйругун билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева окуп берди.

Андан кийин министр айым жамаатка кайрылып, төмөндөгүлөргө токтолду: "Канат Жалиловичти баарыңыздар жакшы билесиздер. Ал Улуттук университетте окуп, ушул жерден өзүнүн эмгек жолун баштаган. Андан кийин көптөгөн мамлекеттик кызматтарда иштеп, такшалды. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри да болуп иштеген. Билим берүү системасында көп реформаларды баштап, жакшы иштерди аткарды деп ойлоймун. Канат Жалилович, жаңы кызмат ордуңуз менен чын жүрөктөн куттуктайм, сизге ушундай оор жана жооптуу кызматта чың ден-соолук жана чоң-чоң ийгиликтерди каалайм".

Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, физиканы окутуу технологиясы кафедрасынын башчысы Эсенбек Мамбетакунов, эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы, профессор Рысбүбү Бейбутова жана математика жана информатика факультетинин деканы, профессор Бекжан Темиров Канат Садыковго ректорлук мантияны кийгизгенден кийин, жаңы дайындалган КУУнун жетекчиси трибунага чыгып, жамаатка кайрылды:

"Биринчиден, мен өзүмдүн коллективиме ыраазычылыгымды билдирем. Сиздердин колдооңуздар болгон үчүн ушундай ийгилик болуп жатат. Шайлоонун башында эле 18 структура мени колдоп, шайлоого чыгарып бердиңиздер. Бул - Улуттук университеттин биримдикке болгон кадамы деп ишенем. Ошол биринчи кадамды бекемдеп, шайлоодо жакшы жыйынтыкка ээ болдук.

Мени менен чогуу чыккан кандидаттарга рахмат айтаар элем. Анткени, бул шайлоо өтө таза, өтө тынч, эч кандай чыр-чатагы жок, ачык өттү. Уюштуруу комитетинин төрагасы Калыс Токтосуновичке жана бардык мүчөлөрүнө тартипти сактап, эч бир мыйзам бузууга жол бербей, шайлоону аягына чейин таза өткөрүп бергени үчүн өзүмдүн жана жамааттын атынан чоң ыраазычылык билдирем. Премьер-министр Сооронбай Шариповичке Улуттук университеттин жалпы жамаатынын тандоосун колдоп, буйрук чыгарып бергендиги үчүн да терең ыраазычылык билдирем.

Биздин программаларыбыз шайлоо учурунда ар бир факультетте айтылган. Мен ойлойм, ошол программанын негизинде жакшы өнүктүрүү программасын түзүп, анын негизинде жакшы бир иштерди баштайбыз. Дагы бир жолу баарыңыздарга рахмат!".

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть