15:02 31 мая 2017

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде лингвистикалык мультимедиялык лабораторияся ачылды

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 30-майда «Жогорку билим берүү тармагында мамлекеттик тилдин орду жана келечеги» аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференцияда пленардык жыйын жана төмөнкүдөй секциялар иштеди:

1-секция. Билим берүүдө мамлекеттик тилде окутуунун маселелери

2-секция. Тармактык терминдер жана котормолор

3-секция. Мамлекеттик тилди изилдөө жана колдонуу көйгөйлөрү

4-секция. Уюштуруу жана башкаруу иштеринде мамлекеттик тилдин колдонулушун жакшыртуу

Конференциянын программасы: Конференцияга КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн, Билим берүү жана илим министрлигинин, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, жогорку окуу жайлардын жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Конференциянын максаты - билим берүүдө мамлекеттик тилде окутуунун жана башкаруу иштеринде мамлекеттик тилдин колдонулушун жакшыртуу маселелери каралды.

Иштин натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча документтик башкаруу системасы түзүлүп, өзүнүн оң жыйынтыгын берүүдө. Бүгүнкү күнү университеттеги мамлекеттик тилдин абалын билүү, аны колдонууну жакшыртуу жана заманбап шарттар менен маселени уюштуруу жана башкаруу үчүн университетте түзүмдөрдүн окутуучулары жана кызматкерлеринен тартып ректоратка чейин Мамлекеттик тил бөлүмү менен вертикалдык байланыш жана башкаруу функциясы түзүлүп, иштеп жатат. Университеттин бардык түзүмдөрүндө мамлекеттик тил маселелери боюнча ректордун буйругунун негизинде атайын жооптуу кызматкерлер дайындалып, алардын иш регламенттери бекитилген. Мамлекеттик тил маселесин университетте координациялоо, усулдук жактан колдоо максатында Мамлекеттик тил бөлүмү түзүлүп, кыргыз тилин үйрөнүү борбору иштеп жатат.

2016-2017-окуу жылында университетке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №151 буйругу менен бекитилген мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасына жана Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, программалык продукттарды жана окуу процессинде тиешелүү сабактар боюнча маалымат технологияларды иштеп чыгуу лабораториясын түзүү максатында 1 млн 100миң сомго техникалык жабдуулар алынып келинди. Бул багытта лаборатория түзүү республикадагы жогорку окуу жайлардын биринчиси болуп саналат.

Бүгүн лингвистикалык мультимедиялык лабораториянын ачуу аземи болуп өттү.

Мультимедиалык лабораториясынын максаттары: Маалымат жана байланыш технологияларынын чөйрөсүндө кыргыз тилинде текстти, үндү, графикалык сүрөттөлүштөрдү, видеокөрүнүштөрдү, анимацияларды, мультипликацияларды, жалпы жолунан цифраланган системаларды, компьютердик системага киргизүү, чогултуу, сактоо, компьютерде иштеп чыгуу, интернет аркалуу таратуу;

Дүйнөлүк тилдердин алкагында мамлекеттик тилде табигый, техникалык жана гуманитардык илимдердин сабактары боюнча студенттер үчүн электрондук окуу куралдарды иштеп чыгуу менен катар, алардын оптималдуу интерфейс программаларын түзүү; электрондук окуу куралдардын негизинде окутуунун педагогикалык негиздерин жана методологиясын иштеп чыгуу.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть