16:52 31 мая 2017

КУУда "Улуттук университеттин күнү" белгиленди

2017-жылдын 31-майында башы имараттын алдындагы аянтчада КУУнун жамааты салтка айланып калган "Улуттук университеттин күнүн" белгиледи. Зор ишенич, улуу тилек менен шайланып, кызмат ордуна өкмөт башчынын буйругу менен жаңыдан эле дайындалган ректор Канат Садыков коллективди расмий түрдө КУУнун 85 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Андан кийин ректор Канат Садыков, мурунку ректор, академик Аскар Какеев жана КУУнун ардактуу профессору, академик Аманбек Жайнаковдор шаңдуу музыканын коштоосунда Улуттук университеттин желегин көккө желбиретишти. Желек көтөрүлүп жаткан учурдагы жайдын аптабындай ысык, ак тилекке болгон кол чабуулар жыйындын катышуучуларына жагымдуу таасир калтырды.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни ойнолуп бүткөн соң, КУУнун жамаатын бүгүнкү майрамы менен академиктер Жаныбек Шаршеналиев менен  Аскар Какеев куттукташты.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук университетте көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, билим берүү тармагына татыктуу салым кошкон, жаш муундарды окутуп тарбиялоодо зор ийгиликтерге жетишкен кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен КУУнун сыйлыктары тапшырылып, университеттин таланттуу студенттери чакан концерт көрсөтүштү.

Бирок, майрамдык иш-чаралар муну менен эле бүтүп калган жок. Ректорат тарабынан уюштурулган фуршеттен кийин, 6-окуу имаратындагы спорт залда курамына статс-катчы Калыс Шадыканов менен ректор Канат Садыков кирген Билим берүү министрлиги менен Улуттук университеттин футбол командалары беттешип, кызыктуу оюн көрсөтүштү. "Айыгышкан салгылашуунун" жыйынтыгында достук жеңип, көрөрмандар ыраазы болуп кайтышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть