15:17 1 июня 2017

ОшМУда студенттик олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинде 30-май күнү студенттик олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Аталган жыйынга ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, университеттин илимий иштер боюнча проректору Идирис Кенжаев, илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы Гүлжамал Анарбаева, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышышты.

Жыйында сөз сүйлөгөн ректор Каныбек Исаков университетте билим берүүнү, илимди өнүктүрүү багытында жасалып жаткан иштерге токтолуп, ар бир студентти талыкпай билим алып, алдыга койгон максаттына жетүүгө тынымсыз аракет кылууга, окутуучуларды студенттердин сапаттуу билим алып, алган билимин татыктуу көрсөтүүсүнө чын дилден салым кошууга чакырды. Ошондой эле эл аралык, республикалык, регионалдык олимпиадаларда университеттин намысын коргоп, ийгилик алып келип жаткан студенттерди, аларга билим берген окутуучуларды куттуктады.

Апрель айында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде болуп өткөн I республикалык психология боюнча студенттик олимпиадага катышып, 1-орунду багындырган ОшМУнун психология боюнча факультеттер аралык командасынын курамын, команданы жетектеп барган психология кафедрасынын жетекчиси Акчач Жолдошованы, ошондой эле май айында Бишкек шаарында Кыргыз гоеграфиялык коому, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети тарабынан уюштурулган география предмети боюнча Кыргызстандын ЖОЖдору арасындагы студенттик республикалык олимпиадада 2-орунду ээлешкен ОшМУнун “Олимп” командасын жана команданы жетектеп барган улук окутуучу Акылай Зулушованы, май айында уюштурулган Кыргыз-Россия Славян университетинде өткөрүлгөн колдонмо математика боюнча XI ачык интернет-олимпиадасына активдүү катышып, байгелүү орундарды алышкан МИТ факультетинин 8 студентин диплом, сыйлыктар сыйлады.

2017-жылдын 15-апрелинде Жалал-Абад экономика жана ишкердик университетинде болуп өткөн VI аймактык студенттик олимпиадада I орунду ээлеген 30 студентке жана аларга билим берген 24 предметтик окутуучуга 2000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыгын тапшырды.

Белгилей кетсек, Түштүк аймагындагы 9 жогорку окуу жайдын студенттери катышышкан VI аймактык студенттик олимпиадада ОшМУнун 54 студенти байгелүү орунга ээ болуп, ОшМУнун студенттери жалпы командалык эсепте 1-орунга татыктуу болушкан.

Кеченин жүрүшүндө VI аймактык студенттик олимпиаданын уюштуруу иш чараларына активдүү катышкан ТТГФнын илимий иштер боюнча декандын орун басары Р.Муратовага, педагогикалык билимди өркүндөтүү борборунун илимий иштер боюнча директорунун орун басары О.Ажиматовго ОшМУнун Ардак громаталары тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть