13:06 19 июня 2017

КУУнун ректору Кыргызгидрометтин директорун кабыл алды

2017-жылдын 16-июнунда КУУнун ректору Канат Садыков_Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин (Кыргызгидрометтин) директору Зарылбек_Итибаевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Улутттук университет менен Кыргызгидрометтин ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду.

Зарылбек_Итибаев Канат Садыковду ректорлук кызматка дайындалышы менен куттуктап, андан ары өзү жетектеген агенттик тууралуу сөз кылды. Анын айтымында, 2011-жылдан бери Кыргызгидрометке өкмөт тарабынан жакшы көңүл бурула баштады. Мисалы, мурда башкармалык болсо, азыр агенттик болуп, статусу жогорулады. Донорлор тарабынан 6 млн. доллар бөлүнүп, заманбап техника, шаймандар сатып алынды.

- Эгер 2011-жылга чейин биздин атыбыз, жөнөкөй айтканда, "Эртең жамгыр жаайт, жаабайт" болсо, азыр Боробордук Азия менен Казакстандагы ири, чоң тармак болуп, кызматкерлердин тамак-ашына, электр жарыгына_акча төлөп,_кышкы отун, көмүрүн алып берген Кыргызстандагы жалгыз ишкана болуп калдык. Буйруса, радар алалы деп турабыз. Анын жардамы менен асманда учуп бараткан чымчыктын канча жолу канат какканын билсе болот, - деп сөзүн улантты Кыргызгидрометтин жетекчиси.

Бүгүнкү жолугушуунун максатына токтолуп, Зарылбек Итибаев_Кыргызгидрометте соңку мезгилдерде заманбап техника менен шаймандарды иштете ала турган жогорку квалификациялуу, билимдүү кадрлардын жетишсиздиги байкалып жатканын билдирди. - Бул маселени чечүү үчүн биз Улутттук университет менен кызматташууну чечтик. Сиздердин теория менен биздин практика дал келип, мыкты адистерди даярдап, алар кийин бизге жумушка орношуп, маалыматтык технологиялардын жардамы менен_так прогноздорду,_шашылыш билдирүүлөрдү элге_өз убагында_таратып турсак - бизге ишенич пайда болот, - деп сөзүн жыйынтыктады_Гидрометеорология боюнча агенттиктин директору.

Канат Садыков айтылган маалыматтар абдан пайдалуу болгонун белгилеп, маектешине_ыраазычылык билдирди. - Анткени, биз дагы учурда Улуттук университеттин өнүгүү стратегиясын түзүп жатабыз. Ошондуктан, сиз айткандар биз үчүн абдан пайдалуу. Биз эми окуу планын түзөөрдөн мурда, жумуш берүүчүлөр менен кеңешели деп чечтик. Сиздер менен кызматташууга, жогорку билимдүү кадрларды даярдап берүүгө даярбыз, - деди Канат Садыков. Ректор ошондой эле сунушталып жаткан келишимди 1 жылга эмес, 3 жылга түзүү жана адистерди даярдоодо лабораторияларды чыңдоо максатка ылайык келээрин билдирди.

Зарылбек Итибаев келишимди 3 жылга түзүү боюнча ректордун пикирине макулдугун билдирип, ага "ар жылдын 1-айында келишимге өзгөртүүлөр киргизилет" деген пунктту кошууну сунуштады. Ал эми лабораториялар боюнча өз макулдугун ал "Студент окуган нерсесин кармап да көрүшү керек" деген сөз менен билдирди.

Жолугушуунун соңунда эки жетекчи_Улутттук университет менен Кыргызгидрометтин ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть