15:08 20 июня 2017

Ысык-Көл мамлекеттик университетинде облустардын жогорку окуу жайлары арасында студенттердин достук фестивалы өткөрүлүүдө

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде облустардын жогорку окуу жайлары арасында «Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!» аттуу студенттердин достук фестивалы өткөрүлүүдө.

Фестивалдын ачылыш аземи 14-июнда «Толкун» маданий-эстетикалык борборунда өткөрүлүп, фестивалдын өтүү тартиби боюнча программа иштелип чыгып, анын негизинде иш чаралар өткөрүлдү.

Республикабыздын жети дубанынан келген окуу жайлардын студенттери биринчи күнү фестивалга даярдап келген концерттик программаларын тартуулашып, кечинде жобого ылайык «Кыргыз айылында кадыр түн» өткөрүлүп, ар бир облус өзүнө тиешелүү тамактарды даярдоо менен тажрыйба алмашышты. Фестивалдын экинчи күнү ЫМУнун имараттары менен таанышуу, экскурсия жана ЖОЖдордон келген студенттер жана жетекчилери Каракол шаарынын зоопаркына, «Карасай секи» музейлер комплексине саякатка барышты. Экскурсия Жети-Өгүз капчыгайына саякат менен улантылды.

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өткөн «Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!» аттуу ЖОЖдор арасындагы студенттердин достук фестивалынын программасынын талаптарын аткаруу максатында Кыргызстанда ЖОЖдор арасындагы студенттеринин достугун бекемдөөгө карата иш чараларды улантуу, Ош декларациясынын алкагында Республикабыздын жети дубанынын жогорку окуу жайларынын ортосунда академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү, мындан аркы фестивалдын улантылышына тийиштүү окуу жайлардын шарт түзүүсү, ЖОЖдор арасында профессордук-окутуучулар мобилдүүлүгүнүн негизинде тажрыйба алмашууну күчөтүү, «Ош декларациясын» кабыл алган университеттер менен байланышты чыңдоо, профессордук-окутуучулар жамаатынын илимий-стажировкаларын уюштурууга жана студенттердин окуу, өндүрүштүк практикаларын өткөрүүгө жетишүү резолюциялары кабыл алынды.

Эске сала кетсек, 2016-жылдын 7-июлунда Ош мамлекеттик университетинде өлкөбүздүн жети дубанында жайгашкан жети мамлекеттик университетинин ортосунда ички академиялык мобилдүүлүктү чыңдаган «Ош декларациясы» кабыл алынган. Келишим түзгөн окуу жайлар: Ош мамлекеттик университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Нарын мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети, Ош гуманитардык-педагогикалык институту жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети.

Декларациянын негизги максаты республикадагы жогорку окуу жайлар арасындагы, анын ичинен студенттердин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо жана жаштарды улуттук маданиятка, элибиздин тарыхына кызыктыруу, рухий дөөлөттөрдү даңазалоо менен жүргүзүлгөн тарбия жаатындагы болуп жаткан иштер боюнча тажрыйба алмашуу.

2016-жылы студенттердин достук фестивалы Ош мамлекеттик университетинде болуп өтүп, кийинки эстафета Ысык-Көл мамлекеттик университетине берилген. Фестиваль жыйынтыкталып бүткөн соң, эстафета кезектеги жогорку окуу жайга өткөрүлүп берилет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть