12:15 14 августа 2017

КМУда «Илим жана маданият изилдөөлөр боюнча Чыгыш Азия эл аралык конференциясы» аттуу илимий-практикалык жыйыны болуп өттү

4-август күнү КМУнун жыйындар залында «Илим жана маданият изилдөөлөр боюнча Чыгыш Азия эл аралык конференциясы» аттуу илимий-практикалык жыйыны болуп өттү.

Жыйынга белгилүү окумуштуу-илимпоздор катышып, анда Чыгыш Азия аймагында жашаган элдердин илим жана маданият тармагында аткарыла турган иштери, байланыштары тууралуу маселелерди талкуулашты.

КМУнун ага окутуучусу Гүлгаакы Жумаева «Ар бир элдин фольклордук чыгармалары алардын нечен кылымдык тажрыйбасын, дүйнө таанымдык белгилерин алып жүргөн көркөм кубулуштардан болуп саналат. Көркөм кубулушка жетүү үчүн өнүгүүнүн далай баскычтарынан өткөнү анык. Дал ушундай адам баласынын алгачкы дүйнө таанымдык белгилерин сактап келген маданий мурастардын бирине ата-бабаларыбыздын таш беттерине чегип калтырган сүрөттөрү кирет. Мына ошолордун бири Саймалуу-Таш сүрөт-жазма эстелиги.

Байыркы сүрөт-жазма маданияты – пикир алышуунун зарылдыгынан келип чыккан дүйнөлүк жазуу. Булар аска, тоо, таш, тери, жыгач, сөөк, чопо ж.б.у.с. нерселердин беттерине түшүрүлүп, сүрөт-жазма эстелиги тыбыштык катка чейин пайда болгон жана өзүнө тиешелүү мааниге ээ. Бул бардык тилге түшүнүктүү жана котормону талап кылбаган универсалдуу жазуу, т.а. орток кат. Мына ушул Саймалуу-Таш эстелиги аркылуу элибиздин байыркы тарыхын, тилин, жазуусун башкаларга көрсөтө алабыз», – деп Саймалуу-Таш эстелиги тууралуу толук маалымат берип өттү.

Андан сырткары илимий баяндамалары менен Чуннам Улуттук университетинин профессору Меңсу Нам «Айран жана наттону ачытуу мүнөздөмөлөрү», Саңжи университетинин окумуштуусу Сокхо Чой «Кluyeromyces marxianus жана сүт кислота бактериясы боюнча алкоголь сүт ферментациясы», Саңжи университетинин окутуучусу Доңгвой Чой «Кореядагы Алтай изилдөөлөрдүн учурдагы кырдаалы», К.И.Скрябин ат. КУАнын профессору Кызайым Эргешова «Кыргызстанда күнөскананы киргизүү, анын перспективасы жана учурдагы абалы» ж.б. чыгышты.

Соңунда, конференциянын катышуучулары келечекте Чыгыш Азия элдеринин илим жана маданият тармагы боюнча жасала турган иштери тууралуу маек курушту.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть