Жаңы окуу жылынын алдында кош келген Эгемендүүлүк жана Билим күндөрүнө карата ИИМдин Академиясынын башчысынын дубал-гезиттеринин сынагын өткөрүү боюнча буйругу жарыяланган.
Буйрукту аткаруу максатында №2, №3 факультеттеринин курсанттарынын жана студенттеринин редакциялык жамааттары активдүү катышышып, калыстардын чечими менен төмөнкү курстун чыгармачыл эмгектери мыкты деп табылды.
- 1-орун № 2 күндүзгү окуу факультетинин 4-курсунун редакциялык жамааты;
- 2-орун № 2 күндүзгү окуу факультетинин 1-курсунун редакциялык жамааты;
- 3-орун № 2 күндүзгү окуу факультетинин 2-курсунун редакциялык жамааты.
Жеңүүчүлөрдү жалпы Академиялык сапка тизилүү учурунда ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Жаныбек Аалиев куттуктап, Мактоо барачаларын тапшырды.