9:02 25 сентября 2017

ОшМУда Мамлекеттик тилдин улуулугу даңазаланды

23-сентябрь –Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнүн 28 жылдыгына карата Ош мамлекеттик университетинде “Атуулдугум актаймын, эне тилим даңктаймын” деген аталыштагы чоң программадагы салтанат тартууланды.

Майрамыдык кече Искусство факультетинин студенттеринин аткаруусундагы Мамлекеттик тилдин гимни менен башталды, кечеде буга чейинки факультет, колледждерде уюштурулган иш-чаралардан мыкты деп тандалып алынган номерлер тартууланды. Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 50 студенти кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы болгон “Манас” эпосунан үзүндү айтышса, финансы-юридикалык колледжинен куралган 50 улан-кыздар Б.Алыкуловдун “Мөлмөлүм”чыгармасына, эл аралык мамилелер факультетинин индиялык студенттери кыргыз бийин бийлеп, университетте билим алып жаткан башка улуттун өкүлдөрү кыргыз тилин даңазалаган ырлардан көркөм окушуп, майрамдык кече шаң менен коштолду.

Сөзгө чыккан ОшМУнун ректору Каныбек Исаков куттуктоо сөзүн айтып “Кылымдарды карыткан, бай кыргыз тили ар дайым ар бир жаран сый менен мамиле кылган кадырлуу тил болуш керек. Биздин окуу жай жыл боюу үзгүлтүксүз кыргыз тилинин баа-баркын көтөрүү, жаштар арасында тилдин тазалыгын, көркөмдүүлүгүн арттыруу максатындагы иштерди турмушка ашырып келе жатат. Мындай аракеттер улантыла бермекчи. Бүгүнкү майрам менен бардык тилди сүйгөн, тил аркылуу өз улутун, элин, мекенин сүйгөн атуулдарды чын дилден куттуктайм. Жаштарга айтарым таза, уккулуктуу жана тунук сүйлөгөнгө үйрөнгүлө. Ар бир адам силердин сөзүңөр аркылуу акыл-эсиңерди туюнуп, элдин маданияты силердин кебиңерден көрүнүп турсун. Ал үчүн силер көркөм адабияттарды, көркөм чыгармаларды көп окушуңар керек. Азыр биз ошол китеп окуй турган муунду жоготуп, бул улуттун өкүсүгүнө айланып баратат. Китеп аркылуу гана биз өзүбүздүн аң-сезимибизди, билимибизди, өзүбүздүн сүйлөө кебибизди өнүктүрө турганыбызды унутпайлы”-деп иш чаранын уюштуруучуларына, катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

Салтанаттын соңунда майрамдык кечени уюштуруунун башында турган ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Ташболот Жороев кечени уюштурууга салым кошкон жана кечеге активдүү катышкан факультет, колледждердин жетекчилерине, студенттерге ыраазычылыгын билдирип, дипломдорду тапшырды.

Белгилей кетсек, университетте Мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланып, учурда үч айлыктын жобосуна ылайык түрдүү багыттагы иш-чаралар уланууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть