Политехникалык университетинин Технология факультетинин студенттери карыларга жардам чогултушту. Биринчи курстун 300 дөй студенти чогулган каражатка тамак-аш жана жуунучу каражаттарды сатып алышкан. Кыргызстанда жыл сайын 1-октябрь карылар күнү белгиленет. Кайрымдуулук акциясына активдүү катышкан студент буларга токтолду;
“Кайрымдуулук акциясына катышуу менен башкаларга жагымдуу маанай тартуулайм. Кээ де акчаны пайдасыз нерселерге колдонуп коем. Ошондуктан мен кайрымдуулук акциясына катышканыма кубанам. Ата- энем менин мындай иштерге катышуумду колдошту” –деди Технология факультетинин студенти Мырзайым Рысбаева.
Кошумчалай кетсек, чогултулган жардамды карылар үйүнө тапшырылат. Бул ишти Сабактан тышкары социалдык ,тарбиялык иштерди алып баруу департаменти камсыздайт.