12:45 29 сентября 2017

Дипакадемияда кыргыз тилинин бүгүнкү абалы жана келечеги темасына тегерек стол өткөрүлдү

2017-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги “Кыргыз тил күнүнө” карата КР Тышкы иштер министринин орун басары Н.Абдрахмановдун катышуусунда “Кыргыз тилинин бүгүнкү абалы жана келечеги” темасына тегерек стол КР ТИМ Дипломатиялык академиясында өткөрүлдү.

“Тегерек столдо” КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын, Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын, КР Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү, ошондой эле, КР ТИМ Борбордук Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

“Тегерек столдо” жүрүшүндө мамлекеттик тилди андан ары жайылтуу жана колдонуу маселелери боюнча жандуу пикир алмашуу жана кеңири талкуулоо болду, анын бүгүнкү күндөгү абалына жана келечекте ар тараптуу өнүктүрүүгө баа берилди. Ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринде, анын ичинде биздин өлкөнүн тышкы саясий мекемесинде иш жүргүзүүнү кыргыз тилге өткөрүү боюнча чаралар талкууланды.

Иш чаранын жыйынтыгы боюнча “Тегерек столдо” катышуучулары кыргыз тилин өнүктүрүү жана кеңири колдонуу маселелерин талкуулоо үчүн ушул сыяктуу иш чараларды уюштуруу тажрыйбасын улантуу зарылчылыгын белгилешти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть