2017- жылдын 29- сентябрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнѳ карата С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жана Борбордук Азия университетинин студенттери менен бирдикте чоӊ программадагы иш-чара ѳткѳрүлдү. Иш-чарага эки окуу жайдын студенттери жана эмгек жамааты, Кыргыз Республикасынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн ѳкүлдѳрү катышышты.
Иш-чаранын негизги максаты: мамлекеттик тилди даӊазалоо, анын ѳнүгүүсүнѳ салым кошуу; эки окуу жайдын ортосундагы ынтымакты бекемдѳѳ жана кызматташтыкты арттыруу болду.
Иш- чаранын жүрүшүндѳ БАУнун англис тили боюнча доктору Роза Казакбаевна ѳз сѳзүндѳ катышуучуларды бул майрам менен куттуктап, студенттерди кыргыз- тилин ѳнүктүрүүгѳ аракеттерди кѳрүүгѳ чакырды.
Иш-чарада мамлекеттик тил жѳнүндѳ ырлар, «Манас» айтуу, улуттук бийлер, комуз күүлѳрү жана БАУнун студенттеринин кыргыз тилинде кѳркѳм окуулары менен коштолду.
Ынтымакты кѳздѳгѳн мындай иш чара дагы да болсо улана бермекчи.