8:02 4 октября 2017

Европанын студенттери ОшМУда

Ош мамлекеттик университети менен Чехия мамлекетинин Батыш Чех университетинин ортосундагы академиялык мобилдүүлүк алкагында кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу келишимдердин негизинде 8 студент билим алууга келишти. Алар 2-октябрь күнү ОшМУга экскурсия жасашып, университеттин жетекчилиги менен жолугушту.

ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин эл аралык мамилелер адистиги боюнча билим алып, тажрыйба бөлүшкөнү келген студенттер университеттин тарыхы камтылган музейи менен таанышып, университетте билим алып жаткан студенттердин сапаттуу билим алуусу үчүн түзүлгөн шарттар, студенттик турмуш камтылган видео-роликке күбө болушту. Ошондой эле университеттин жетекчилиги университеттин инфраструктурасы, билим берүү программалары, эл аралык байланыштары, билим берүүнү интернационалдаштыруу, билим экспорту боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, эки университеттин ортосунда жанданып жаткан байланыштардын мындан ары өсүп-өнүгүшүнө салым кошууга чакырды.

Өз кезегинде Чехиядан келген студенттер Орто Азия, анын ичинде Кыргызстандын маданияты, билим берүүсү менен таанышып, жаштар менен пикир алышып, достошуу, эки университеттин кызматташтыгынын артуусуна салым кошуу максатында келгендиктерин билдирип, Ош мамлекеттик университетинин жамааты жылуу маанайда тосуп алгандыктарын, өлкөбүздүн жаратылышы өзгөчө таасир калтыргандыктарын белгилешти.

“ОшМУ менен Батыш Чех университетинин ортосундагы алгачкы кызматташтыктар жемиштүү болуп, кызматташтыгыбыз Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы илим, билим берүү, эл аралык мамилелер, маданият жактан байланыштарынын өнүгүшүнө өбөлгө болот деген ойдобуз. Чехиядан 8 студент бизге келсе, 9-октябрда ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинен 10 студент, мугалимдердин жетекчилигинде Батыш Чех университетинен өздөрүнүн билимин өркүндөтүп, тажрыйба алып келгени даярдык көрүп жатышат”, -деди Эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эрлан Камалов.

Белгилей кетсек, октябрь айынын соңку күндөрүндө Батыш Чех университетинин жетекчилиги ОшМУга келип, эки университеттин өз ара кызматташуу багыттары талкууланат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть