Кечени окуу жайдын директору Шаршембиев Ж.С. ачып, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. 2016-2017-окуу жылынын жыйынтыгы менен колледждин мугалимдери көп жылдык үзүрлүү эмгектери, жаш муундарды окутуп-тарбиялоодогу жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымдары үчүн, КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы” менен Орозбаев Э.Ж., Рысалиева А.Ж., Мундузбаева Г.Т., Жакыбалиев Р.С., Баймурзина Р.А. сыйланышты. Ошондой эле, окутуучулар “Ыраазычылык кат”, “Ардак грамота”, “Грамота” жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Салтка айланган “Мыкты аудитория”, “Мыкты куратор”, “Мыкты окутуучу”аттуу кароо-сынактын жеңүүчүлөрү “Диплом” жана ноутбук менен сыйланышты.
Кече студенттердин концерттик программасы менен жыйынтыкталды.