Искак Раззаков атындагы КМТУнун жыйын залында «Билим берүү мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү»боюнча талкуу өттү. Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, ЖОЖдордун жетекчилери жана жеке ишкерлер катышты. Катышуучулар бул мыйзам боюнча өз ойлорун сунушташты.
КМТУ жана КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Германиянын жалпы эл аралык кызматташуу» уюмунун колдоосунда өткөрүлдү.
Иш чаранын жыйынтыгында КРдин Билим берүү жана илим министринин орун басары Кожобеков Кудайберди: «Бүгүнкү жыйында аябай жакшы сунуштар айтылды, биз булардын баарын кабыл алып ЖКга алып чыгабыз. Жакынкы 1-2 айдын ичинде мыйзам өз күчүнө кирет.», - деп баса белгиледи.