17:03 14 ноября 2017

Агрардык университетте Жогорку Кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин көчмө жыйыны өттү (фото)

Көчмө жыйынга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агро өнөр-жай комплекси жана экология боюнча бөлүмүнүн башчысы Далбаев Таалайбек Абасканович, экономика министри Новиков Артем Эдуардович, Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министри Мурашев Нурбек Мурпазылжанович, финансы министри Касымалиев Адылбек Алешович, билим берүү жана илим министринин орун басары Муратов Абдиманнап Аттокурович жана “Айыл банк” Ачык акционердик коомунун төрагасы Акимов Мурат Кудайбергенович жана башкалар чакырылды.

Көчмө жыйынга катышуучулар ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин агрономия жана токой чарба факультетинин лабораториялары менен танышуудан баштады. Жыйынды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Назаров Айтмамат Кошоевич ачты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин төрагасынын орун басары А.Ж. Акматовдун демилгеси менен жыйында биринчи маселе “Глобалдаштыруу шартында жогорку кесиптеги жана илимий кадрларды даярдоо жана Евро-Азиялык Экономикалык Биримдигинин алкагында, республиканын калкын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда илимий жана технологиялык натыйжаларынмпайдалануу» маселе каралды Баяндама менен К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улууттук агрардык университетинин ректору, КР УИА корр - мүчөсү, КР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор Рысбек Зарылдыкович Нургазиев чыгып сүйлөдү.

Жыйындында, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине тийешелүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин чечими кабыл алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть