"Кыргыз Туусу" гезитинин 2017-жылдын мыктыларын тандоосунда «Өлкөдө билим берүү тармагынын өнүгүшүнө жана сапаттуу адистерди даярдоого жетишкен үзүрлүү эмгектери» үчүн И.Арабаев атындагы КМУнун колледжи «Кыргыз бренди» сыйлыгына татыктуу деп табылды.
Сыйлыкты гезиттин башкы редактору Э.Балбаков директор Ө.Карымшаковго тапшырып, КМУнун колледжинин жалпы кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.