Жалал-Абад мамлекеттик университетинин табигый-техникалык факультетинин студенттери Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар арасында география предмети боюнча өткөрүлгөн III республикалык олимпиадада 1-орунду ээлешти.
Олимпиада И.Арабаев атындагы КМУда болуп өттү. Ага ЖАМУдан А.Ороскулов, А.Тагаева, Б.Сабирова, А.Толтоева жана З.Токтосун кызы катышкан. Олимпиадага студенттерди окутуучулар Т.Жолдошова менен А.Молдомусаева даярдашты.
Олимпиадага 8 жогорку окуу жайдын студенттери катышып, 2 багыт (теориялык жана практикалык) боюнча күч сынашты. 11-октябрда олимпиаданын теориялык бөлүгү И.Арабаев атындагы КМУда өтсө, практикалык бөлүгү 12-октябрда «Ала-Арча» улуттук паркында уюштурулган.