Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 7-февраль күнү студенттер арасында кол ойноткон комузчулардын “Ойно комуз” аталышындагы сынагы болуп өттү. Сынакка жалпы 12 студент катышты.
Аталган сынак окуу жайдын жаштар комитети жана ЖАМУнун алдындагы “Маданий эстетикалык” борбору тарабынан уюштурулган. Анын максаты – унверситеттеги өнөргө кызыккан, комузда кол ойноткон комузчулардын башын бириктирип, чыгармачылыктарын өркүндөтүү, деп билдирди маданий эстетикалык борбордун кызматкери Нурбек Шамуратов.
Сынактын жыйынтыгында катышуучуларга 1-2-3-даражадагы дипломдор тапшырылды. Мындан ары таланттуу, чыгармачылыгын өркүндөтүүнү каалаган жаштарга комуз сабагынан атайын ийрим уюштуруларын кошумчалады Н.Шамуратов.