Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү инстититутунун профессордук-окутуучулар курамы үчүн педагогикалык чеберчиликти өнүктүрүүдө, сапаттуу окутууда окутуунун жаңы инструменти катары дистанттык, онлайн курстарды, вебинарларды, видеосабактарды өтүүнүн артыкчылыктары боюнча окуу-усулдук семинар болуп өттү.
Семинарда З.Мааткеримов, Д.Бопоев, М.Раманкулов, Э.Смаилов, Б.Тынай уулунун баяндамалары окулду.
Институттун айрым окутуучулары акы төлөө менен Россиянын ЖОЖдорунда өз адистиктери боюнча онлайн курстарда квалификациясын жогорулатып, окуп жатышат.