13:35 5 декабря 2018

ЖАМУда мүмкүнчүлүгү чектелген 26 студент билим алууда

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер менен кереге-кеңеш өткөрүлдү. Кереге-кеңеш эркин форматта студенттерди куттуктоо, каалоо-тилек айтуу, алар кызыккан маселелерди талкуулоо, жаңы идеяларды сунуштоо, ал максаттарды ишке ашыруу иштерин талкуулоо менен кызыктуу өттү. Бул жолугушууну ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгүл Доранова уюштуруп, ага жаштар комитети, маданий-эстетикалык борбору катышты.

«Биздин окуу жай аярлуу катмардагы студенттерге ар тараптуу колдоо көргөзүп келет. Эң биринчи колдоосу — аларды окуу акысынан 100% бошотуп, акысыз билим берүүсү. Быйылкы жылы I жана II топтогу майып 22 студент 100% жана 4 майып студент 50% окуу төлөмүнөн бошотулуп, жалпы суммасы 54 миң сомдун тегерегин түздү», - дейт А.Доранова университетте окуп жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер жөнүндө.

Медицина колледжинин 2-курсунун студенти Гүлүмкан Саланова жалпы катышуучуларды майрамы менен куттуктап, буларга токтолуп кетти: «Окуу жайдын жетекчилиги тарабынан көңүл бурулуп, ар дайым эстеп турганыңыздарга ыраазыбыз. Сиздердин бизге берген эң чоң белегиңиздер деп акысыз билим берип, атайын кесипке ээ кылып жатканыңыздарды айтат элем. Мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү болгону менен, кээ бир алты саны аман адамдарда жок бактылуулук, мүмкүнчүлүк бизде бар. Ар бир сыноону туура кабыл алып, түзүлгөн мүмкүнчүлүгүбүздү колдоно билсек, келечекте мыкты инсан болорубузга ишенем. Бүгүнкү иш-чараны уюштуруп, куттуктап жатканыңыздарга рахмат!».

ЖАМУнун жаштар комитети сунуштаган, университетте окуп жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген студенттердин ассоциациясын же уюмунун түзүлүүсүн, МЭБдин жетекчиси Ы.А.Шаимкуловдун, университетте өткөрүлүп жаткан ар бир иш-чаралардын активдүү катышуучусу, лидер студенттерден болууларын студенттер ынтызарлык менен кабыл алышып, ыраазычылыктарын билдиришти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть