14:33 29 января 2019

ЖАМУнун окутуучусу А.Усеновго өкмөттүн ыраазычылык каты ыйгарылды

Жалал-Абад колледжинин укук таануу жана социалдык иш бөлүмүнүн окутуучусу А.Усенов КР өкмөтүнүн ыраазычылык каты менен сыйланды.

А.Усенов Жалал-Абад облусунун атынан жаш активист катары «Адам сатууга каршы» долбоорунун алкагында өткөн жылдын июль айында Ысык-Көл облусуна барып, окуп келген. Облуста 100 күндүк маалыматтык иш-чараны активдүү уюштургандыгы үчүн ыраазычылык кат менен сыйланды.

«Адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, 2017-жылдын ноябрында КР өкмөтү тарабынан «2017-2020-жылдарга карата адам сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы» жана аны ишке ашыруу чараларынын планы бекитилген.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть