14:35 4 марта 2019

Жалал-Абадда «ЖАМУ мырзасы - 2019» аныкталды

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде билим алып жаткан мырзалар арасында «ЖАМУ мырзасы – 2019» сынагы өттү.

Сынакка факультеттерден тандалып алынган 8 студент катышты. Алар:

1. Шайырбек уулу Ырысбек — Экономика жана юридика факультети;

2. Калдаров Абдыгул — Педагогика жана маалыматтык технологиялар факультети;

3. Капаров Амантур — Экономика жана юридика факультети;

4. Мейманбаев Сыймык — Медициналык колледжи;

5. Кубаныч уулу Абдырахман — Филология факультети;

6. Айбек уулу Адилет — Жалал-Абад колледжи;

7. Данияров Абдурахман —Табигый-техникалык факультети;

8. Манас уулу Семетей — Медициналык колледжи.

Ал эми калыстар тобунун курамында ЖАМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору А.Доранова, Маданий-эстетикалык борборунун окутуучусу Н.Шамуратов, ЖАМУнун бүтүрүүчүсү К.Орозов, «Sabina» фотостудиясынын, «Ernis Costumes», 7-каналдын жана ЖМТРКнын атайын өкүлдөрү болушту.

ЖАМУнун Жаштар комитетинин төрайымы Алтынай Базарбайдын маалыматы боюнча, сынак 4 бөлүктөн турат.

1. «Мен кыргыздын жигити» (улуттук форма);

2. «Чымыр дене» (аскердик бөлүк);

3. «Менин талантым»;

4. «»Дефиле» (кечки жолугушуу).

Иш-чара ЖАМУнун таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа менен коштолду.

Сынактын жыйынтыгында Шайырбек уулу Ырысбек, Калдаров Абдыгул, Мейманбаев Сыймык жана Данияров Абдурахман сынакка активдүү катышкандыктары үчүн дипломдор менен сыйланышты. «Талантту мырза - 2019» номинацисын Айбек уулу Адилет, «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү - 2019» наамын Кубаныч уулу Абдырахман алышты. Ал эми «ЖАМУнун вице-мырзасы - 2019» деп Манас уулу Семетей табылса, «ЖАМУ мырзасы - 2019» номинацисынын Капаров Амантур жеңип алды.

Жеңүүчүлөргө демөөрчүлөр тарабынан атайын белектер берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть