Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин «Финансы жана кредит» кафедрасынын профессору Аманкул Зулпукаров М.Сапарбаев атындагы Түштүк Казакстан гуманитардык институтунун студенттерине онлайн лекция өттү. Лекцияга аталган инститтуттун 1-курсунун студенттери катышты. Лекция микроэкономика предметинен, лекция «»Рынок» деген темада болду.
Профессор А.Зулпукаровдун айтымында, Казакстан гуманитардык институтунан координатор болуп экономика илимдеринин кандидаты, доцент «Экономика» кафедрасынын башчысы А.Шадиева иш-чарага жардам берген. Келишим боюнча 10 саат лекция пландаштырылып, анын ичинен 2 саат лекция окулган.
«Коңшу мамлекеттер менен илим-билим тармагында да достук мамиледе болуп, эки элдин жаштарына өз билимибизди үйрөтүп, илим жаатында ийгиликтерди жасасак дейм. «Мугалим — мөмөлүү дарак» демекчи, артыбыздан чыгаан жаштар өсүп, ийгиликтер жетишсе, мен сыймыктанам», - дейт А.Зулпукаров.