10:52 4 октября 2019

Ош технологиялык университетинде мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди

3-октябрь күнү Ош технологиялык университетинде мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленип, ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.

Майрамдык иш-чара ОшТУнун ректору Абдыкадыр Абидовдун куттуктоо сөзү менен башталды. «Урматтуу мугалимдер, сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Мугалимдин жумушу оор жана өтө жоопкерчиликтүү. Сиздер биздин келечегибиз болгон жаштарды даярдап, аларга татыктуу билим берип, келечекке өтө чоң салым кошуп жатасыздар. Сиздерге узун өмүр, чың ден соолук, иштериңиздерге чоң ийгиликтерди каалайбыз, үй-бүлөңүздөрдө ар дайым бакыттын шамы өкүм сүрүп турсун», - деди ал.

Салтанаттын жүрүшүндө сыйлоо аземи болуп, билим берүү тармагындагы көп жылдык эмгеги, келечек муунга татыктуу тарбия берүүгө кошкон салымдары үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси менен 3 мугалим, ардак грамотасы менен 4 мугалим, окуу жайдын билим берүү тармагына жана татыктуу тарбия берүүгө кошкон салымдары үчүн ОшТУнун ректору Абдыкадыр Абидовдун ардак грамотасы менен 15 мугалим сыйланышып, 8 мугалимге алкыш жарыяланды.

Иш-чарада университеттин маданий эстетикалык борборунун таланттуу студенттери, «Оригинал» курама командасы жана белгилүү эстрада ырчылары тарабынан концерттик программа тартууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть