Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 17-октябрь күнү Роза Отунбаеванын катышуусу менен «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана бизде» аталышындагы конференция болуп өттү.
Конференциянын жүрүшүндө аймактардагы жашоочулардын санариптик маалымдуулугун дагы да жогорулатуу үчүн зарыл болгон аракеттер айтылды. Иш-чаранын максаты — дүйнөдөгү жана өлкөдөгү санариптик ачылыштар, технологиялар менен тааныштыруу, артыкчылыктуу багыттарды аныктоого мүмкүнчүлүк түзүү.
Буга чейин Р. Отунбаева ЖАМУнун материалдык-техникалык базасы менен таанышып, студенттери менен жолугушкан.