Ак-Суу районуна караштуу Зуура Сооронбаева атындагы «Жолколот» орто мектебинин 6-классынын окуучулары Ишенбекова Эркайым менен Малабекова Бегайым математика сабагы боюнча олимпиадада ийгилик жаратып, 2- турга катышууга жолдомо алышты.
Олимпиада эл аралык «Сапат» билим берүү мекемеси тарабынан уюштурулган.
Окуучулар грамота менен сыйланышты. Аларды мектептин математика мугалими Дөнөнбаева Айнагүл даярдаган.