14:17 30 апреля 2020

ОшТУда кесипке багыттоо боюнча мектеп жетекчилери жана эдвайзерлери менен онлайн талкуу болду

2020-жылдын 30-апрелинде Ош технологиялык университетинин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасы тарабынан «Кесипке багыттоо боюнча мектеп жетекчилери жана эдвайзерлери менен талкуу» аттуу вебинар болуп өттү.

Ага Ош шаары жана Ош, Жалал-Абад облустарындагы Б.Алыкулов, Ж.Мамытов, «»ыргыз-Түрк» достугу, Курманжан Датка, К.Ботояров, М.Нурматов, К.Сооронбаев, А.Кулботоев, «Эркин Кыргызстан», М.Тешебаев, А.Султанов, С.Мырзалиев, И.Сулайманов атындагы орто мектептердин директорлору, окутуучулары, ОшТУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы т.и.к., доцент И.Турдиев, экономика жана башкаруу факультетинин деканы, профессор А.Артыков, кафедра башчылары жана окутуучулары, «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасынын бүтүрүүчүсү – «РСК-Банктын» Оштогу филиалынын директору Ч.Тойчиев катышты.

Онлайн талкууда ОшТУ, экономика жана башкаруу факультети, «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасынын даярдаган багыттары, профилдери, материалдык-техникалык базасы, профессордук-окутуучулук курамы, окуу жана башка иштери боюнча видеоролик, слайд түрүндө кеңири маалымат берилип, ОшТУда 2020-2021-окуу жылында абитуриенттерди кабыл алуудагы өзгөчөлүктөр, мектеп окуучуларынын жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн даярдыктары, кесип тандоо ж.б. маселелер кызуу талкууланып, суроо-жооптор менен коштолду.

Жыйынтыгында кафедранын окутуучулары өздөрүнө бөлүнгөн мектептерде бүтүрүүчү класстардын окуучулары менен дагы өзүнчө онлайн кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүүнү жана мектеп директорлору берген сунуштарды эске алуу боюнча чечим кабыл алышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть