Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы №5 Бабажан Айтматов атындагы гимназия мектебинде акыркы коңгуроо аземине арналган вебинар болуп өттү.
Вебинарды Тургунай Айтматова ачып берди. Ага Кадамжай шаарынын кулуну, Эл аралык инновациялык технологиялар университенин ректору, техника илимдеринин кандидаты Улукбек Бегалиев катышып, мугалимдер жамаатына, бүтүрүүчүлөргө өзүнүн каалоо-тилектерин, ыраазычылыгын билдирди.
Мектептин ардактуу муглимдери А.Тунгатарова, А.Айдарова, Ф.Коргонбаева, И.Токтомушева, З.Назарова, Ш.Акматова, Д.Маматова каалоо-тилектерин айтышты. 1-класстын окуучулары бүтүрүүчүлөргө ыр саптарын арнашты. Бүтүрүүчүлөр да мектеп жамаатын куттуктап, ыраазычылык билдиришти.
Иш-чаранын соңунда акыркы коңгуроо кагылды.