ОшМУда мурдагы билим берүү жана илим министри, ОшМУнун мурдагы ректору, маркум Каныбек Исаковдун элесине арналып уюштурулган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды.
Сынак «Мыкты окуу китеби», «Мыкты окуу-усулдук колдонмо», «Мыкты видеосабак», «Мыкты илимий монография», «Мыкты көргөзмө куралдар/слайддар» багытында жүрүп, ага республиканын бардык жогорку жана орто окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынан 50дөн ашуун эмгектер келип түшкөн.
9-февралда сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө дипломдор, сертификаттар, акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Сынак окуу жайдын чыгыш таануу жана тарых факультетинин чыгыш таануу кафедрасы тарабынан демилгеленип, уюштурулган.