10:30 24 февраля 2021

Бильярд боюнча ОшМУнун биринчилиги өттү

Ош мамлекеттик университетинин кесиптик кошуун комитети 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата ОшМУнун биринчилигин өткөрдү.

Мелдештин жыйынтыгында 45 жаштан жогорку окутуучулар арасында:

  • 1-орун — Алмаз Боркулов, медицина факультетинин окутуучусу;
  • 2-орун — Мурзахмат Юлдашев, Административдик чарба иштери боюнча департаменттин кызматкери;
  • 3-орун — Абдылдаев Жоомарт, эл аралык байланыштар факультетинин окутуучусу;
  • 3-орун — Кубаныч Жапаров — Медициналык колледждин окутуучусу.

45 жашка чейинки окутуучулар арасында:

  • 1-орун — Кубанычбек уулу Нурсултан, Кара-Суу гимназиясынын директору;
  • 2-орун — Байышбек уулу Тынчтык, медицинина факультетинин окутуучусу;
  • 3-орун — Раимбердиев Тынар, эл аралык медицина факультетинин окутуучусу;
  • 3-орун — Абдираимов Равшанбек, педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин окутуучусу.

1-орунду ээлеген окутуучуларга велосипед, 2-орунга спорттук күрмө, 3-орунга спорттук бут кийимдер, ошондой эле ар бир катышуучуга кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Мелдешти өткөрүүдөгү негизги максат — жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, майрамдык маанай тартуулоо.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть