2021-жылдын 23-сентябрында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде камкордук кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумда каралды:
- 2021-2022 окуу жылына камкордук кеңештин иш планын бекитүү;
- ЫМУнун окуу корпустарында, жатаканада жүргүзүлгөн ремонт иштери жана компьютердик техникалар менен камсыздоо иштеринин жыйынтыгы;
- 2021-2022-окуу жылына карата окуу акысынын төлөмдөрүн бекитүү;
- жаткананын акы төлөө өлчөмдөрүн бекитүү;
- ЫМУнун профессордук-окутуучулук курамынын жана кызматкерлердин эмгек акысынын өлчөмдөрүн бекитүү, акчалай сыйлыктарды ыйгаруу жана материалдык жардам көрсөтүү тууралуу маселелер.
Шартка байланыштуу камкордук кеңештин айрым мүчөлөрү отурумга онлайн катышты.