9:37 4 октября 2021

Дин аалымы Абдышүкүр Нарматов ОшМПУнун студенттери жана окутуучулары менен жолугушту

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде дин аалымы, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдышүкүр ажы Нарматов конокто болуп, студенттер жана окутуучулар менен жолугушту.

Ректор Бекмурза Зулуев аалымды кабыл алып, университет тууралуу кыскача маалымат берүү менен ОшМПУну тааныштырып өттү. Андан соң иш-чаранын негизги бөлүгү окуу жайдын чоң жыйындар залында уланып, зал толгон катышуучулар өзгөчө жылуу маанайда тосуп алышты.

Иш-чарада лектор А.Нарматов жаштарды өнүгүүгө багыттаган ой-пикирлери менен бөлүшүп, Ислам дининин нукура маани-маңызы, өлкөбүздөгү абалы, жаштардын туура эмес агымдарга барып жатканынын себептери, илим-билим алуудагы ыймандын, диндин орду ж.б. бир топ маселелер боюнча токтолду. Ошондой эле катышуучулардын бир топ суроолоруна да жооп берип, соңунда жамаатка ак батасын берди.

Иш-чара Ошто болуп жаткан «Ислам — тынчтыктын тиреги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында Ош шаардык мэриясы менен биргеликте уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть