ОшТУ Кытайдагы Харбин инженердик университети менен кызматташуусун күчөтөт

Билим АКИpress - Кечээ, 16-апрелде Ош технологиялык университетине Кытай Эл Республикасынын Өнөр жай жана маалыматтык технологиялар министрлигине караштуу Харбин инженердик университетинин Дин Син жетектеген делегациясы расмий иш сапар менен келди.
Конокторду ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев кабыл алды жана университеттин жетекчилиги менен эки тараптуу кеңейтилген форматта жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуу иш-чарасында жасалма интеллект, материал таануу, машина куруу, жер титирөөгө каршы инженерия, ядролук энергетика, радио байланыш жана навигация боюнча эл аралык илимий долбоорлорду бирге ишке ашыруу жана кызматташуу, окутуучулар менен студенттердин академиялык алмашууну жүргүзүү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча пикир алышып, эки тарап алдын ала бир консенсуска жетишти. Жакынкы күндөрү бул иштерди баштоо үчүн кызматташуу келишимине кол коюуга макулдашышты.
Харбин инженердик университети 1953-жылы негизделген, анда 30 миң студент окуйт. Бул окуу жай Кытайдын өнөр жай тармагында адистерди даярдаган жана илимий-технологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн маанилүү база болгон ири окуу жай болуп саналат.
Кытайлык делегациянын курамы:
1. ДИН СИН, Харбин инженердик университетинин (ХИУ) эл аралык бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
2. ЦЯН ГУАНГЯН, ХИУнин эл аралык бөлүмдүн адиси;
3. ЛЮ ЖИЛИН, ХИУнин интеллектуалдык системалар илим жана техника институтунун директорунун орун басары;
4. ДИН Ю, ХИУнун энергетика жана энергоинженерия институтунун директорунун орун басары;
5. ГАО ПУЖЕН, ХИУнун ядролук илим жана технология институтунун директорунун орун басары.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.