2021-жылдын 19-ноябрь күнү Ош мамлекеттик юридикалык институтунда «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы: теориялык, практикалык негиздери» аттуу студенттер, магистранттар, аспиранттар менен ОПК биргелешкен чөлкөмдүк илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү.
Конференция салттуу түрдө уюштурулуп, төмөнкү илимий багыттарда иш алып барды:
1. Кыргыз Республикасынын президентин, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо: конституциялык укуктук негиздери, өзгөчөлүктөрү жана айырмачылыктары.
2. Азыркы гуманитардык, так илимдердин көйгөйлүү маселелери.
Конференцияга, анын секциялык иштерине бардыгы болуп 130 адам катышып, илимий баяндама жасашты. Конференцияга Кыргыз Республикасынын бир катар чөлкөмдөрүнүн жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү да келишти: Бишкектен — 7, Баткенден — 5, Жалал-Абаддан — 5, Ош облусунун окуу жайларынан — ОшМУ, ОшТУ, ОшГПУ, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин, ОшМЮИ, КР УИА ТБ өкүлдөрүнөн — 122 адам, алардын ичинде ОшМЮИден — 67 окутуучу, 11 магистрант, 12 студент илимий баяндамалары, алардын авторлору өз табылгалары, мазмундуу маалыматтары, илимий иликтөөлөрүнүн жыйынтыктары, жеке пикирлери менен ой бөлүштү.
Конференцияда бир катар катышуучулар өздөрүнүн омоктуу ойлору, жүйөлүү пикирлери, натыйжалуу табылгалары менен башкалардан айырмаланып турду. Алар: Ж.Дуйшеев, Б.Кудаярова (К.Ш.Токтомаматов атындагы ЭАУ), Ш.М.Бакирова, З.Матисакова, Н.Пазылов, Б.Амирбекова, А.Заиров, Д.Кадыралиева, Д.Таштемиров, Т.Тажидин уулу, Б.Талайбекова (ОшМЮИ).
Конференциянын максаты — 28-ноябрдагы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого байланыштуу бир катар теориялык жана практикалык маселелерге укуктук, саясий, тарыхый таризде саресеп салуу. Аталган чөлкөмдүк илимий-практикалык конференцияда Кыргыз Республикасынын президентин, Жогорку Кеңешитин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо тартиптери, алардын мурдагы жана азыркы конституциялык, укуктук негиздери, артыкчылыктары, өзгөчөлүктөрү жана айырмачылыктары кеңири талкууланды. Дагы бир максат — ошол өзгөчөлүктөрдү, айырмачылыктарды, артыкчылыктарды азыркы замандаштарга, айрыкча жаш муундар, алар аркылуу коомчулукка учурдагы шайлоонун саясий, укуктук жана тарыхый маанисин кеңири түшүндүрүп, ар тараптуу пропагандалоо. Конференциянын жыйынтыгында жасалган баяндамалардын негизинде катышуучулар резолюция кабыл алышты.