К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети Ысык-Көл областтык Ардагерлер кеңеши биргеликте «Диний-экстремисттик уюмдардын жаш муундарга тийгизген терс таасири» деген темада тегерек стол өткөрдү.
Иш-чарага катышкан коноктор: Ысык-Көл облусунун казысы Сагындыков Алмаз, ОИИБдин 10-бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын лейтенанты Султанов Элеман, ЫМУнун кураторлору жана студенттери.
Тегерек столго катышкандар тема боюнча суроолорду берип, талкуу болду.
Иш-чаранын соңунда тегерек столго мейман болуп келген өкүлдөргө терең ыраазычылык билдирилип, мындан ары да бул темада көп-көп жолугушууларды, түшүндүрүү иштерин биргеликте жүргүзүп туруу пландаштырылды.