2022-жылдын 1-мартында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин физика-математикалык жана табигый-техникалык факультетинин «Табигый илимдер» кафедрасынын окутуучулары Тумар Сагынбекованын жана Надежда Емцованын демилгеси менен «химия» профилинде окуган студенттер арасында Дмиртий Менделеевдин мезгилдик системасынын 153 жылдыгына карата «Химиялык элементтер дүйнөсүнө саякат» аттуу интеллектуалдык оюн уюштурулду.
Оюндун жүрүшүндө суроолор, кроссворддор, химиялык элементтерге байланыштуу табышмактар берилди.
Соңунда жеңүүчүлөргө грамота, белектер тапшырылды.