18:29 8 апреля 2022

ЫМУнун колледжинде Апрель элдик революциясынын күнүнө карата куратордук тарбиялык саат өттү

ЫМУнун колледжинде куратор Айзада Түргөнбаева жана студент Алия Султангазиева тарабынан 7-апрель — Элдик революция күнүнө карата «Эл деген эрлер өлбөйт» деген темада ачык куратордук тарбиялык саат болуп өттү.

Тарбиялык саатта баатырлардын кылган эрдиктерин эскерүү менен студенттерге Элдик революциянын чыгуу себептери, жүрүшү, кандуу окуянын элге тийгизген терс таасири тууралуу фотобаяндар, слайддар, видеолор, монологдор аркылуу түшүнүктөр берилди. Ата-Бейиттин тарыхы тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле адамдарга болгон «Мындан ары энелерди кан-какшатып, жүзүн жашка жуудурбайлы, ынтымакта жашайлы, байлыкты, бийликти эч ким кошо көрүнө ала кетпейт» деген кайрылуу, энелердин ыйы, арман-муңу Жер эне менен «Жаңы замандын энесинин» монологунда баяндалып берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть