К.Тыныстанов атындагы ЫМУда «Бир адам — бир көчөт» аттуу көчөт отургузуу саамалыгы болуп өттү.
Көчөт отургузуу үчүн атайын жерлер даярдалып, университетти курчап турган аймактар кооздолуп, оңдолуп-түзөлдү.
Аталган иш-чарага окутуучулар жамааты жана чарбалык-тейлөө кызматкерлери катышты. Университеттин мамлекеттик тил боюнча проректору, профессор, доктор Бактыбек Атыгаев: «Ар бирибиз үчүн бул күн өтө маанилүү, анткени баарыбыз университетибиздин жашылдануусуна өз салымыбызды кошуп жатабыз», - деди.