Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргызстан боюнча «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү жүрүп жатат. Бул иш-чара Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында өткөрүлүп жатат.
Көчөттөрдү отургузууга К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун жамааты жана студенттери катышты. Жалпысынан 100дөн ашык бакты Каракол шаарынын Ленин көчөсүнө отургузушту.
Иш-чарага университеттин ректору А. Иманбаев да катышып, окутуучуларга жана студенттергн тигилген бактардын өнүп кетишин көзөмөлгө алууну тапшырды.