Ош технологиялык университетинде Билим күнү белгиленип, майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага университеттин жалпы жамааты, студенттер жана жаңы жогорку окуу жайдын босогосун аттап, билим алууга келген 1-курстун студенттери, ата-энелер катышты. Жалпы студенттерге университет жетекчилиги тарабынан куттуктоолор айтылып, 1-курстарга структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери тааныштырылды.
Университеттин ректорунун милдетин аткаруучу, профессор М.Сагыналиев Билим күнү менен окуу жайдын жалпы жамаатын жана студенттерди куттуктады. 1-курстун студенттерине окууларына ийгилик каалады.
Салтанаттын жүрүшүндө окуу жайдын маданий эстетикалык борборунун таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа тартууланды.