20-сентябрда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Япон таануу институтунун коомдук тамак-аш азыктарынын технологиясы багытынын лабораториясынын ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага университеттин ректору Айгүл Абдраева, курам жетекчилери жана институттун япон өнөктөштөрү, финансылык көмөк көрсөткөн жеке ишкер катышты.
Лаборатория аталган багытта окуп жаткан студенттерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Япон тамак-аштарын жасоону окутуу үчүн Япониядан атайын адис келген.
Университеттин ректораты менен япониялык өнөктөштөр бири-бирине ийгилик каалап, мындан аркы кызматташтыктын жемиштүү болушуна тилектеш экендиктерин билдиришти.