22:43 17 марта 2023

ЫМУнун студенти Машхуд Ахмед кыргыз тил курсун ийгиликтүү аяктады

2023-жылдын 14-мартында Пакистан жараны Машхуд Ахмедге кыргыз тилинин А1, А2 деңгээли боюнча сертификат берилди.

Сертификатты ЫМУнун мамлекеттик тил жана жаштар саясаты боюнча проректору Б.Атыгаев тапшырып, угуучуну куттуктап, ийгилик каалады.

Машхуд Ахмед сентябрь айынан бери ага окутуучу Ж.Түмөнбаевадан кыргыз тилин окуп-үйрөнүп, учурда өз оюн оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрө билет. Машхуд Ахмед өз сөзүндө кыргыз тили менен урду тилинин эки башка тил системасынан болгондугуна байланыштуу тил үйрөнүүнүн алгачкы этабы оор болгондугу, бирок бүгүнкү кыргыз тилинде эркин пикир алышып калгандыгын, коом дайыма кыргыз тилинде гана сүйлөп жаткандыгын белгилеп өттү жана кыргыз тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн университетке, окуткан мугалимине ыраазычылыгын билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть