22:06 31 марта 2023

Кыргыз-Өзбек университети Балтия мамлекеттик техникалык ВОЕНМЕХ университети менен кызматташууну улантууда

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин илимий иштер боюнча проректору Медербек Исманов баштаган делегация эки тараптуу түзүлгөн келишимге ылайык, Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Д.Устинов атындагы Балтия мамлекеттик техникалык ВОЕНМЕХ университетине барып келишти.

Иш сапардын алкагында аталган окуу жайдын ректору менен жолугушуу уюштурулуп, университеттин материалдык-техникалык базасы менен жакындан тааныштырышты.

КӨЭАУдан барган делегациянын өкүлдөрү өздөрүнө тиешелүү болгон багыттар боюнча иш алып барып, өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ич ара келишимдерди түзгөнгө жетишти. Эки окуу жайдын биргелешкен аракетинин негизинде быйыл Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин магистранттары 2+2, 1+1 билим берүү программасынын алкагында кош диплом алуу алдында турушат.

Ал эми КӨЭАУнун өкүлдөрүнүн Россияга болгон иш сапары Москва шаарында өткөн билим берүүгө багытталган эл аралык көргөзмөгө катышуу менен жыйынтыкталды.

Бул иш-аракеттер Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан жүргүзүлүп турат. Студенттердин жана мугалимдердин ички, сырткы академиялык мобилдүүлүгүн колго алып, Кыргызстандагы, чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлар менен кызматташуу келишимин түзүп, тыгыз иш алып барып келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть