19:15 28 апреля 2023

Министр Каныбек Иманалиев ОшМУда иш сапары менен болду

27-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев иш сапарынын алкагында ОшМУнун Ак-Буура кампусунда болду.

Министр окуу жайдын медициналык клиникасынын санариптик флюорография, ультрадиагностикалык изилдөө кабинеттеринин биохимиялык, клиникалык жана цитологиялык лабораториясынын ишмердүүлүгү жана бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Ошондой эле медицина факультети, эл аралык медицина факультети DIMEDUS (Digital Medical Education Systems) көп тармактуу виртуалдык клииникасы, симуляциялык борбор, морфологиялык окуу-илимий лабораториялык комплекс, анатомиялык, гистологиялык жана физиологиялык окуу лабораториялары, анатомиялык окуу залы, анатомиялык илимий музейинде болуп, андагы шарттарга күбө болду.

Мындан сырткары, Каныбек Иманалиевге Ак-Буура кампусундагы 5 кабаттуу окуу-лабораториялык корпусунун курулушу боюнча да маалымат берилди.

Министр ОшМУнун башкы корпусунда уюштурулган сүрөт, кол өнөрчүлүк, студенттердин санарип багытындагы эмгектеринин көргөзмөсүнө күбө болду.

Ошондой эле «Санарип университет» аталышындагы университетте санариптештирүү багатындагы жасалган иш аракеттердин презентация коюлду. Андан ары министр ОшМУнун студенттери менен жолугуп, баарлашты.

Жолугушууда министр өлкөдө азыркы онлайн билим берүүнүн пайдубалын тургузуп, өнүктүрүүдө мурунку ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун орду чоң экенин баса белгиледи. ОшМУда жасалып жаткан иштер өлкөдөгү бир топ ЖОЖдорго үлгү экенин, айрыкча санариптештирүүдө ОшМУ лидер боло алганын кошумчалады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть