31-октябрда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде студенттер арасында «Биз таланттарды издейбиз» аттуу кароо-сынак болуп өттү.
17-ноябрь — Студенттердин эл аралык күнүнө карата уюштурулган бул иш-чарага университеттин факультет-колледждеринде окуган таланттуу студенттер катышты.
Кароо-сынак 3 бөлүктөн туруп, саламдашуу, өз талантын көрсөтүү, окуган факультет-колледждерин даңазалоо багыттары боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында таланты, сахнадагы жүрүм-туруму, чыгармачылык жөндөмү, мыкты даярдыгы менен келген студенттер жеңишке жетишти.
Калыстар тобунун баалоосу менен 3-орунга Кесиптик колледждин студенти, 2-орунга инженердик-технологиялык факультетинин студенти, 1-орунга Медициналык колледждин студенти жетишти. Ал эми баш байгени юридика-бажы факультетинин студенти багындырды.
Андан сырткары, «Эң мыкты ырчы», «Эң мыкты бийчи» номинацияларынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Жеңүүчүлөр диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
Сынакты уюштурууну Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер бөлүмү, Студенттик жаштар комитети колго алган. Сынактын негизги максаты студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу менен эстетикалык табитин арттырып, таланттуу студенттерге коомчулуктун көңүлүн бурдуруп, алардын жөндөмүн өстүрүү экенин уюштуруучулар билдиришти.