18:48 25 ноября 2023

ОшТУда Бүткүл дүйнөлүк маалымат күнүнө карата сынак болуп өттү

Ош технологиялык университетинде «Бизнес информатика жана маалыматтык экономика» кафедрасы тарабынан 26-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк маалымат күнүнө карата «Кыргызстандагы интернетти санариптик технологиялар менен колдонуу көйгөйлөрү» аттуу сынак өткөрүлдү.

Аталган сынакка экономика жана башкаруу факультетинин ар бир адистигинин студенттеринен команданын курамында 5 студент болгон 1ден команда катышты.

Сынак студенттердин билимин жана кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүү, өз кесибине кызыгуусун арттыруу жана келечекте мыкты адис болууга үндөө максатында уюштурулду.

Сынак кызыктуу уланып, жыйынтыгында 1-орунду «Бизнести башкаруу жана социалдык иш» кафедрасынын «Телеграм» командасы,  2-орунду «Бизнес информатика жана маалыматтык экономика» кафедрасынын «Инстаграм» командасы, ал эми 3-орунду «Менеджмент» кафедрасынын «Ютуб» командасы ээледи. Жеңүүчү командалар уюштуруучулар тарабынан диплом, сертификат жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть