Ош технологиялык университетинде коомдук ишмер, юрист Акылбек Ташбулатов экономика жана башкаруу факультетинин Б«изнести башкаруу жана социалдык иш» кафедрасынын студенттерине «Адам укугунун декларациясынын (75 жылдыгы) кабыл алынгандыгынын жылдыгы» деген темада конок лекция өттү.
Лекцияга кафедранын жамааты, андагы багыттар боюнча билим алып жаткан студенттер катышты.
Акылбек Ташбулатов студенттерге декларациядагы адам укуктары, милдеттери жана аларды сактоо, бүгүнкү күндөгү жаштардын коомдогу орду жөнүндө маалыматтарды берди. Конок лекция эркин форматта уланып, жаштар арасындагы бир канча көйгөйлөр, сунуш-пикирлер айтылып, кызуу талкуу жүрдү.
Жыйынтыгында лекторго катышуучулар тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.