16:42 9 февраля 2024

ОшТУда окумуштуулар үчүн эл аралык усулдук семинар өткөрүлүүдө

Ош технологиялык университетинде «Илимий-изилдөө процессин маалыматтык камсыздоо: Scopus, РИНЦ, eLIBRARY.RU, импакт-фактор, индекс Хирша жана анын артыкчылыктуу багыттары» аталышындагы эл аралык усулдук семинар болуп өттү.

Семинарда ОшТУнун илим бөлүмүнүн башчысы Гулбарчын Исраилова, бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын башчысы Айнура Хамзаева, доцент Асанбек Акматалиев жана Андижан машина куруу институтунун маалымат технологиялары кафедрасынын башчысы Саидахан Атажонова усулдук баяндама жасашты.

Иш-чарага ОшТУнун, Өзбекстан Республикасынан Андижан машина куруу институтунун, Андижан айыл чарба жана агротехнологиялар институтунун жана Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунан окумуштуу педагогдору катышты.

Учурда Ош технологиялык университетинде эмгектенген 45 окутуучунун Scopus базасында илимий макалалары жарык көргөн жана университетте Scopus базасында илимий макалалары жарык көргөн окутуучуларга ар бир макаласы үчүн 15 миң сомдон сый акы берилет.

Бул семинар ОшТУнун факультеттеринде да мындан ары уланат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть