13:43 19 апреля 2024

КУУнун профессору ОшТУда семинар өттү

Ош технологиялык университетинде табигый-техникалык факультетинин коомдук илимдер кафедрасы тарабынан докторанттар, аспиранттар жана магистранттар үчүн «Тарыхый изилдөөнүн методологиялык маселелери» деген темада семинар-тренинг өткөрүлдү.

Аталган семинарды Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Эсенкулов Нурмамат өтүп берди.

Иш-чарага КӨЭАУ, ОшМУ, ОшМПУ жана ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамы, илим изилдөөчүлөр, докторанттар, аспиранттар жана магистранттар катышты.

Иш-чараны ОшТУнун Илим жана инновация боюнча проректору, а-ч.и.д., доцент Н.Танаков ачып берип, жалпы катышуучуларга ийгилик каалап, ыраазычылык билдирди.

Семинарда Нурмамат Эсенкулов ар кандай тарыхый изилдөөлөрдүн методологиясы, теориялык маселелери, методдору жана принциптери тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле жаш изилдөөчүлөргө кеп кеңешин берип, тажрыйбасы менен бөлүштү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть